Бишкек тургундарына турак жайынын айланасына таштанды ыргытпоо сунушталат

Бишкек тургундарына турак жайынын айланасына таштанды ыргытпоо сунушталат.

Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, тиешеси жок жерде өндүрүш калдыктарын

ыргытуу жана өрттөө үчүн физикалык жактарга 7,5 миң сом, ал эми юридикалык

тараптарга 23 миң сомго чейин айып салынат. Ошондой эле тиричилик таштандыларын

туш келди ыргыткандарга 5,5 миң сомдон 17 миң сомго чейин айып каралган.

Аталган жагдайларды көзөмөлгө алуу жана текшерүү иштери жүрүп жатат.