Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Самат Исабеков дайындалды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Самат Исабеков дайындалды.  Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

 

Исабеков буга чейин бажы тармагындагы ар кандай кызматтарды ээлеп келген. Ал эми ведомствонун буга чейинки төрагасы Кадыржан Семетеев иштен алынды.