Бекбосун Бөрүбашев президенттин кеңешчиси болду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 16-июлда кол койгон жарлыкка ылайык, Бекбосун Бөрүбашев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

 

Бөрүбашев укуктук маселелер боюнча эксперт катары белгилүү. 2020-жылы ноябрь айында ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов аны Конституциялык кеңешменин төрагасы кылып дайындаган.

 

Быйыл 5-майда өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон президенттик башкарууга багытталган Конституцияны ал жетектеген Конституциялык кеңешме жазган.

66 жаштагы Бекбосун Бөрүбашев Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал 1982-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетин, 1997-жылы ушул эле окуу жайдын Юридика факультетин бүтүргөн. Юридика илимдеринин доктору.