Бишкекти башкаруу милдети биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаевге жүктөлдү

Бишкекти башкаруу милдети биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаевге жүктөлдү. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, чечимди кечээ Бишкекте абалды жөнгө салуу боюнча Координациялык кеңеш кабыл алды.

 

Эске салсак, ага чейин мэр Азиз Суракматов өз каалоосу менен отставкага кетти.