Мамлекеттик салык кызматы 97 миллиард сом чогултууну пландап жатат

Быйыл Мамлекеттик салык кызматы кеминде 97 миллиард сом салыктарды жана жыйымдарды чогултууну пландаштырууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Ильяз Иманбетов салык процедураларын фискалдаштыруу темасындагы тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

«Салык процедураларын санариптештирүү боюнча “Смарт салым” долбоору ишке ашырылгандан бери, 2020-жылдын июнь айынан баштап, салыктар пландаштырылгандан 7,5 миллиард сомго көп жыйналды», — деди ал.

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылы республикалык бюджетке 62 миллиард 958 миллион сом салык чогулткан.