Банктардын кара тизмесине кирип калгандар 5 жылдан кийин кайра насыя ала турган мыйзам сунушталууда

Банктардын кара тизмесине кирип калгандар 5 жылдан кийин

кайра насыя ала турган мыйзам долбоор сунушталууда.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында,

бул тууралуу Жогорку Кеңешке мыйзам долбоор сунушталып жатат.

Насыялык бюролордо жарандын салык, камсыздандыруу төгүмдөрү жана

пенсия карыздары тууралуу, ошондой эле кыймылдуу, кыймылсыз

мүлктөрү жөнүндөгү маалымат жок. Мындан улам, насыялык маалыматты

керектөөчүнүн макулдугусуз өткөрүп берүү сунушталып жатат, — деди Абдыгулов.