Жакынкы аралыкта Ошто ипотекалык программанын алкагында үчүнчү турак жайдын курулушу башталат.
Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, ал 60 батирлүү болот. Ал эми курулуп жаткан 2 жаңы үй
Курманжан Датка көчөсүндө 80 батирлүү жана Достук кичирайонунда 90 батирлүү. Турак жайлар 9 кабаттан турат.
Биринчиси жаз айларында пайдаланууга берилсе, кийинкиси 2022-жылдын март айына пландалууда.
Ипотекалык батирлер 12 жылга 4 пайыз менен берилет.