Мамлекеттик салык кызматы бир катар долбоорлорду ишке киргизүүнүн
мөөнөтүн 1-июлга чейин узартты. Ведомстводон билдиришкендей, кеп,
товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар тарабынан
электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө колдонуунун
мөөнөтү тууралуу болуп жатат. Мындан тышкары, реалдуу убакыт
режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар виртуалдык
контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча жумушчу
долбоор да июлуна чейин узартылды. Көрүлгөн чаралар
ишкерлерди колдоо максатында жүрүп жатат.