Бишкектин айланасындагы карантиндик посттор ишин мурдагы режимде улантат.
Бул тууралуу вице-мэр Азиз Алымкулов билдирди. Эртеңден тартып экономикалык
ишмердүүлүктүн 3-этабы боюнча мекемелер ишин жандантат. Айрым ишкана жана
башка тармактар 25-майдан тартып иштеп баштайт. Буга карабай калаанын
кире беришинде жана чыгышында орнотулган 16 карантиндик-санитардык посттор
ишин улантат. Бишкекте жашагандар жана келгендерден жумуш ордунан салык
кызматынан мөөр бастырылган маалымкатты талап кылуу эрежеси да сакталат.