Кыргызстанда россиялык “Спутник-V” вакцинасы каттоого алынды

Кыргызстанда россиялык “Спутник-V” вакцинасы каттоого алынды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, эми препарат өлкө аймагында коронавируска каршы эмдөө каражаты катары расмий таанылды.

 

Эске салсак, Кыргызстанда эмдөө мартта башталат. Алгач вакцина медицина кызматкерлерине, мугалимдерге жана башка каалоочуларга мамлекеттин жана донорлордун эсебинен жасалат. Эмдөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.