Кыргызстанда COVID-19 вирусунан дагы бир бейтап айыкты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей,
Баткен облусунда коронавирус жуктуруп, дарыланып жаткан
аял сакайып бейтапканадан чыгарылды. 3-апрелге карата
маалыматта республика боюнча 130 адам коронавируска
кабылды. Андан алтынчы адам сакайды.