“Манчестер Юнайтед” футболдук клубуна ээлик кылган америкалык бизнесмендердин үй-бүлөсү — Глейзерлер команданы сатуу ойлорунан баш тартышты.
Сунуш катарлык шейх менен британиялык миллиардерден түшкөнү кабарланууда.
Алар “Манчестер Юнайтедди” канчага баалашканы белгисиз, бирок Глейзерлер сумманы жактырган эмес.
Америкалыктар сатуудан кеминде 6 миллиард евро түшөт күтүшкөн.