Ак-Талаада «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жаңы бөлүмү ачылды

Ак-Талаада «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жаңы бөлүмү ачылды.

Эми тургундар 120 чакырым жол жүрүп Нарын шаарына барбай эле койсо болот.

Бүгүнтөн тарта “Баетов” айылында транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо боюнча бөлүм ишке киргизилди.

Белгилеп кетсек, тиешелүү бөлүмдү ачуу маселесин тургундар көптөн бери көтөрүп келишкен.