Жалал-Абад облусунда 600 үй-бүлө өз ишин баштоого каржылык колдоо алат

Жалал-Абад облусунда 600 үй-бүлө өз ишин баштоого каржылык колдоо алат. “Социалдык келишим” долбооруна республикалык бюджеттен 60 миллион сом бөлүндү, — дешти Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен.

 

Каражат 600 бизнес-долбоорду ишке ашырууга багытталат. “Үй-бүлөгө көмөк” пособиесин алып жүргөндөр сынакка катышып, 100 миң сомдук грантка ээ боло алат. Акчаны алар жеке ишкерликке жумшап, жакырчылыктан чыгышы керек.