Кыргызстан аймактарында ишкерликти тейлөө боюнча борборлорду ачуу пландалууда. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда бул маселе Экономика министрлиги менен талкууланып жатат.
Күтүлгөндөй, бул борборлордо стартаптар жана бизнес-долбоорлор каралып, мыктылары тандалып, долбоор авторлорун юридикалык жактан колдоо, каржылык сабаттуулукка үйрөтүү жана долбоорлорду каржылоо иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле, мындай борборлордо бизнес-программалар иштелип, аларды ишке ашыра алгандарга сунуштоо пландалып жатат.