Бишкекте  “Өлбөс полк” акциясына даярдыктар башталды

Бишкекте  “Өлбөс полк” акциясына даярдыктар башталды. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта полктун колоннасынын каттамы боюнча болжолдуу макулдашуу жүрүп жатат.

 

Акциянын катышуучулары салт болуп калгандай, Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан өчпөс отко чейин басып барат.

 

Акция Бишкекте 2014-жылдан бери өткөрүлүүдө. Акыркы жолу ага  50 миң адам катышкан. Ал эми 2 жылдан бери жүрүш онлайн форматта өткөн.