Бишкекте бүгүнтөн тарта карызы бар керектөөчүлөрдүн жарыгы аралыктан өчүрүлөт

Бишкекте бүгүнтөн тарта карызы бар керектөөчүлөрдүн жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, ордо калаада 5,3 миң абоненттин электр энергиясы үчүн бересеси бар.

 

Жарыгы жок калбаш үчүн, керектөөчүлөргө карызды бүгүн төлөө сунушталат. Төлөмдөр электрондук капчык, терминал, банк кассалары жана почта бөлүмдөрүндө кабыл алынат.