Бишкек боюнча жүрүүгө уруксат кагаздар онлайн түрүндө бериле баштады

Бишкек боюнча жүрүүгө уруксат кагаздар онлайн түрүндө бериле баштады. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, арыз берүү үчүн электрондук форманы толтуруп, шаарда коменданттык саат учурунда жүрүү максатын белгилеш керек.

 

Аны тастыктоочу документ тиркелиши шарт. Арыздар 24 саат каралат. Уруксат берилген соң, аны басып чыгарып, унаанын маңдайкы айнегине чаптап коюу керек. Суроолор жаралса, 1312 кыска номуруна чалса болот.