Мас абалда унаа айдаган жарандарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу боюнча мыйзам долбоору даярдалууда

Мас абалда унаа айдаган жарандарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу боюнча

мыйзам долбоору даярдалууда. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо

башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында, учурда Башкы прокуратуранын жетекчилигинде жаңы мыйзам даярдалып

жатат. Анда ичип алып рулга отургандарды үч жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу

сунушталды. Мыйзам долбоору жакынкы аралыкта Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.