Карантин учурунда жол эрежесин бузган волонтерлордун арыздары каралууда

Карантин учурунда жол эрежесин бузган волонтерлордун арыздары каралууда.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын

басма сөз катчысы Тилек Исаев novosti.kgге билдирди. Анын айтымында, жалпысынан

3 волонтердук уюмдан 670 жол эрежесин бузууларды жокко чыгарып берүү өтүнүчү түшкөн.

Анын ичинен 100дөн ашык арыз канааттандырылды. Калгандары тиешелүү документтердин

толук болбогондугуна байланыштуу каралып жатат. Эске салсак, карантин учурунда вируска

кабылган оор абалдагы бейтаптарды шашылыш түрдө ооруканага жеткирүүдө бир катар

волонтерлордун жол эрежесин бузуулары “Коопсуз шаардын” камераларына катталып калган.