Тынчтык митинги учурунда башаламандык жараткандар жазаланып, узак мөөнөткө камалат

Тынчтык митинги учурунда башаламандык жараткандар жазаланып, узак мөөнөткө камалат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, кайсы бир күчтөр

өзүнүн саясий максаттарын ишке ашыруу үчүн курал колдонуу менен массалык башаламандык

уюштурууга аракет жасап жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Буга байланыштуу комитет жана

ички иштер министрлигинин ички курамы күчөтүлгөн иш режимине өттү. Учурда ведомстволор

аралык ыкчам штаб түзүлдү. Алар башаламандык уюштургандарды жана анын уюштуруучуларын кармашат.