Мектеп бүтүрүүлөрүнө аттестаттарды тапшыруу аземи июлда өтөт.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, 9-класстын окуучулары 5-июлда, 11-класстар 7-июлда документ алышат.
Андан соң жогорку окуу жайларга кабыл алуу комиссиясы иштеп баштайт.
Университетке тапшыруу онлайн болот.
Эске салсак, быйыл 67 миңден ашык 11-класстын жана 100 миңден ашуун 9-класстын окуучусу мектепти аяктайт.