Бишкекте 1-июнга карата 4 миңден ашык балага материалдык жардам көрсөтүлөт

Бишкекте 1-июнга карата 4 миңден ашык балага материалдык жардам көрсөтүлөт.

Мэриядан такташкандай, ата-энесиз балдардын ар бирине 1000 сомдон, ал эми аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына 500 сомдон берилет.

Мындан тышкары, шаардык ооруканалар баш калкалоочу жайлардын жана интернаттардын жашоочуларын тереңдетилген медициналык текшерүүдөн өткөрүшөт.

Муктаж балдар кошумча камсыздандыруу программасы боюнча дары-дармектер менен камсыз болушат.