Билим берүү министрлиги мугалимдердин кагаз жумуштарын кыскартты

Билим берүү министрлиги мугалимдердин кагаз жумуштарын кыскартты. Ведомстводо тиешелүү буйрукка кол коюлду. Алсак, эми мугалимдер портфолио, өзүн өнүктүрүү папкасын жана окуу кабинетинин паспортун өткөрбөй койсо болот.

 

Мындай чечим педагогдордон көптөгөн арыздар түшкөнүнө байланыштуу кабыл алынды. Кагаз жумуштарынын көптүгүнөн мугалимдерде өзүн өнүктүрүүгө жана окуучулар менен жеке иштешүүгө убактысы жетпей калат.