Жогорку Кеңеште мугалимдерди кемсинтүү үчүн жаза жөнүндө мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды

Жогорку Кеңеште мугалимдерди кемсинтүү үчүн жаза жөнүндө мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Буга чейин мындай аракет үчүн мектеп окуучуларына же алардын ата-энелерине айып салуу сунушталган.

 

Бирок кийин депутаттар мугалимди кемсинткендерге оозеки же жазуу түрүндөгү эскертүү жетиштүү деген чечимге келишти. Буга райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн жана мугалимдерден турган атайын комиссия жооптуу болот.

 

Бирок мугалимди жашы жеткен окуучу мазактаса, ал 1 миң сомго айыпка тартылат.