Месси карьерасын Европада эле уланткысы келет

«Пари Сен-Жермен» клубунун чабуулчусу Лионель Месси карьерасын Европада эле уланткысы келет.

Массалык маалымат каражаттары жазышкандай, футболчу Аргентина, Сауд Арабия жана башка өлкөлөрдөн түшкөн сунуштарды карабайт.

Буга чейин Мессиге америкалык «Интер Майами» жана саудиялык «Аль-Хилал» кызыктар экени айтылган.

Эске салсак, аргентиналык ПСЖга 2021-жылдын августунда өткөн.

Ага чейин ал «Барселонада» 18 жыл ойногон.