Нью-Йоркто терезеси жок батир сатыкка чыкты

Нью-Йоркто терезеси жок батир сатыкка чыкты.

Батир Манхэттенде жайгашкан.

Ал үчүн 599 миң доллар сурашууда.

Үй 1920-жылдары белгилүү архитектор Эмери Рот тарабынан иштелип чыккан.

Риэлторлор белгилегендей, терезелердин жоктугу нормага каршы келбейт, анткени жарык люктар аркылуу кирип турат.

Ошол эле учурда адистер батирдин терезелери болсо, анда ага дагы 100 миң доллар алууга болоорун белгилешти.