Милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү

Май айындагы майрамдар учурунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ар кандай кылмыштуу көрүнүштөргө каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана ар түрдүү кырдаалдарга болгон көзөмөлдү күчөтүү максатында министрликтин өздүк курамы 30-апрелден 10-майга чейин күчөтүлгөн тартип менен кызмат өтөөгө киришет.

«Майрамдарды өткөрүүгө даярдык көрүү мезгилинде милиция кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, республиканын аймагында мүмкүн болгон укукка каршы аракеттердин алдын алуу боюнча иш-чаралардын комплекси түзүлөт.

Милиция майрам учурунда адамдардын коопсуз эс алуусу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрөт. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери мыйзам чегинде иш алып барууга, жарандардын укуктарын коргоого, укук бузуулар аныкталган учурда ээлеген кызматына жана абалына карабастан ар бир жаранды жоопкерчиликке тартууга укуктуу.

Мындан тышкары Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча көзөмөл иштери күчөтүлөт. Мас абалындагы айдоочуларга же айдоочулук күбөлүгү жок транспорт ээлерине катуу чара көрүлөт.

 

Урматтуу жарандар ИИМдин коопсуздук чараларын түшүнүү менен кабыл алууңузду жана колдонуудагы мыйзамдарды сактооңузду суранабыз. Шектүү жарандар байкалган же болбосо ээсиз буюмдар табылган учурда ички иштер органдарына 102 байланыш телефону аркылуу токтоосуз түрдө маалымат берүүнү өтүнөбүз. Милиция кызматкерлери алдыдагы майрамдарды кырсыксыз өткөрүү үчүн бардык чараларды көрөт», — деп айтылат маалыматта.