Россия ЕАЭБ жана КМШ мамлекеттерине коронавирусту аныктоочу каражаттарды тапшырууда

Россия ЕАЭБ жана КМШ мамлекеттерине коронавирусту аныктоочу каражаттарды тапшырууда. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча федералдык кызматтан билдиришкендей, тест-системалар Армения, Беларусь, Казакстан жана Өзбекстанга жеткирилди.

 

Жакынкы арада Кыргызстан жана Тажикстанга тапшырылат. Колдоо вирусту алдын алууга жана анын жайылышын алдын алуу максатында көрсөтүлүүдө. Эске салсак, Кытайда чыккан коронавирус  362 адамдын өмүрүн алды.

 

Дагы 17 миңден ашыгы дартты жугузуп алганы айтылууда.