Кыргыз-казак өкмөт башчыларынын жыйынында протоколго кол коюлду

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынынын соңунда тийиштүү протоколго кол коюлду. Эки өлкө өкмөт башчылары кол койгон документте кыргыз-казак экономикалык кызматташытыгы, “Ак-Тилек” (Кыргызстан) жана “Кара-Су” (Казакстан) чек ара өткөрмө бекетерине соода-логистикалык комплекс салуу жана ал жерди эркин экономикалык аймак катары түзүүнү караштыруу жана технология жаатында алаканы күчөтүү каралган.

 

Казак мамлекет башчысы Касым Жомарт Токаевдин Кыргызстанга сапары да талкууланганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин аткаруу бийлигинин басма сөз кызматы чек арадагы жүк ташуу боюнча сүйлөшүү ийгиликтүү болгонун билдирген.

Жапаров жыйында эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилесинде өсүү байкалганын белгилеген.

 

“2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданын көлөмү 35%га өсүп, 1 млрд. АКШ долларын түздү. Жакынкы келечекте эки тараптуу соода жүгүртүүнү 2 млрд. АКШ долларына жеткирүүнү көздөп жатабыз”, — деди Жапаров.

 

Бишкекте 29-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйыны өттү. 2023-жылы бул жыйын Казакстанда болот.

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн ооруканадан убактылуу чыкты. Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйындан соң Акылбек Жапаров дарылануусун ооруканадан улантарын билдирди.

 

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болуп, айдоочулар казак тараптын катаал текшерүүлөрүнө нааразылык билдирип келишет. Чек арадагы тыгын маселеси өткөн аптада Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат Айбек Осмонов мындай мамиле улана берсе, Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) чыгуу керектигин айткан.

Кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр негизинен айыл чарба продукциясын Казакстандын өзүнө жана Орусияга ташыйт.

2010-жылы бажы биримдиги катары Беларус, Казакстан, Орусия түзгөн ЕАЭБ уюмуна Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган.