Россия кыргызстандыктарга чек арасын ачууда

Россия кыргызстандыктарга чек арасын ачууда. 16-майдан тарта Кыргызстан жарандары Россиянын мамлекеттик чек араларынан унаа менен кире алат, — деп маалымдалат аталган  өлкөнүн өкмөтүнүн расмий сайтында.

 

Мындай чечим коронавирус боюнча ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынды. Бул эпидемиологиялык абалдын жакшырганына байланышуу.

 

Бирок чек араны өтүүдө ПЦР тесттин таза жыйынтыгын көрсөтүү же вакцинанын толук курсунан өткөндүгүн тастыктаган сертификат көрсөтүү талабы сакталат. Белгилеп кетсек, пандемия башталгандан бери кыргызстандыктар Россияга учак менен гана бара алчу.