Министрлер кабинети бажы алымы жок ташылган бензиндин көлөмүн көбөйтүү боюнча Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Министрлер кабинети бажы алымы жок ташылган бензиндин көлөмүн көбөйтүү боюнча Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Ведомстводон белгилешкендей, макулдашуунун алкагында Кыргызстанга жыл сайын бажы алымы жок 460 миң тонна күйүүчү май жеткирилет.

 

Учурга карата анын 398 миң тоннасы келди, калдык 62 миң тоннаны түзөт. Андыктан, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү башталды.