Кыргызстанда кээ бир азык-түлүктөр арзандады

Кыргызстанда картошка, помидор жана бадыраң арзандады. Бул туурасында Улуттук статистика комитети 18 калктуу конушка жүргүзгөн мониторингинде белгилүү болгонун билдирди.

 

Июль айында картошканын чекене баасы орточо 41,63 сомду түзүп, мурдагы айга салыштырмалуу 19,1 пайызга арзандаган. Ал эми помидор 51,13 сомдон сатылып, 20,4 пайызга, бадыраңдын баасы 21,35 сомдон болуп, 25,6 пайызга төмөндөгөн.

 

Картошканын эң арзаны Өзгөн (31,98 сом), Баткен (34,75 сом) жана Исфана (35,99 сом) шаарларында катталган. Ошол эле учурда эң кымбат баа Бишкек (43,88 сом), Токтогул (44,13 сом) шаарлары жана Чаек айылында (45,60 сом) болгон.

 

Ал эми помидор менен бадыраңдын арзанын Покровка айылы (Талас району) жана Токмок шаарынан алууга болот.