Парламенттик шайлоолорду өткөрүү Кыргызстанга 602 миллион сомго айланат

Парламенттик шайлоолорду өткөрүү Кыргызстанга 602 миллион сомго айланат.

 

Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, сумма азырынча так эмес.

 

Айрым фактылар эске алынган жок, аларга кийин каражатты башка булактардан издөө керек болот. Шайлоонун акыркы сметасы жакынкы күндөрү бекитилет. Эске салсак, парламент депутаттарына добуш берүү  28-ноябрга белгиленди.  Бул жолу шайлоо аралаш система менен өтөт.