Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров кызматтан кетти.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Маалыматка ылайык, анын ордуна Канатбек Тургунбеков дайындалды.
Ал 2021-жылдан бери Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси болуп иштеп турган.
Мирлан Бакиров бул кызматты 2021-жылдын март айынан бери ээлеп турду.