Парламентте Садыр Жапаров жетектеген өкмөттүн курамы ант берди

Жогорку Кеңеште премьер-министр Садыр Жапаров башында турган жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземи өттү.

Парламенттин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын премьер-министрлигине бир добуштан шайланып, өкмөттүн ал сунуш кылган курамы жана түзүмү жактырылган.

 

Ага ылайык мурдагы экономика министри Артем Новиков биринчи вице-премьер, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов жана Аида Исмаилова вице-премьер-министр болушкан.

 

Бүгүн Исмаилованын ордуна социалдык маселелер боюнча вице катары Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Элвира Сурабалдиева ант берди. Ал мандатын 27-октябрда тапшырганы белгилүү болгон. 28-октябрда өкмөт башчы Сурабалдиеванын талапкерлигин вицеликке сунуш кылып, депутаттардын колдоосуна ээ болду.

Аида Исмаилова вицелик кызматтан 27-октябрда алынган. Бүгүн ал эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сунуш кылынып, бирок парламенттин колдоосуна ээ боло алган жок. Бул министрлик орунга жаңы талапкер сунуштала элек.

 

Парламентте өкмөт башчысы Садыр Жапаров, анын жогоруда аты аталган төрт орун басары менен кошо төмөнкү жетекчилер ант беришти:

 

Өкмөттүк аппараттын жетекчиси Бактыбек Аманбаев, финансы министри Кыялбек Мукашев, транспорт жана жол министри Бакыт Бердалиев, юстиция министри Марат Жаманкулов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, айыл чарба жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрлис Тердикбаев, Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев, маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов.