Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушу быйыл күзгө чейин аяктайт

Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушу быйыл күзгө чейин толугу менен аяктайт.

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Талантбек Солтобаев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Мындан алты жыл мурун салына баштаган Бишкек – Кара-Балта жолунун биринчи бөлүгү 45 чакырымдан ашат.

Учурда долбоордун экинчи бөлүгүндө курулуш иштери жүрүүдө.

Курулушка жалпысынан 88 миллион доллар бөлүнгөн.