Франция курамасынын чабуулчусу Карим Бензема дүйнө чемпионатына кайтып келиши мүмкүн

Франция курамасынын чабуулчусу Карим Бензема дүйнө чемпионатына кайтып келиши мүмкүн. Буга чейин “Алтын топтун” ээси алган жараатынан улам ойной албай турганы жарыяланган.

 

Бирок ал тез арада калыбына келип жатканы айтылууда. Андыктан, Бензема ушул жумада машыгууларга кайтып баштайт, ал эми анын оюн талаасына чыгышы боюнча чечимди Франция курамасынын башкы машыктыруучусу кабыл алат.

 

Эске салсак, француздар эртелеп плей-оффко жолдомого ээ болушту. Эртең алар Тунис менен беттешет.