Бишкекте 20 көчө ремонттук иштерге жабык

Бишкекте 20 көчө ремонттук иштерге жабык. Тилкелерде атайын техника иштеп жатат, учурда асфальт төшөө жана көчөлөрдү кеңейтүү иштери жүрүүдө. Кыймылга чектөөлөр киргизилгендиктен, тыгындар жаралууда.

 

Андыктан, Кайгуул милиция тыгындарды алдын алуу максатында, айдоочуларга каттамдарын эртелеп түзүп алууну сунуштайт.