Адылбек Касымалиев өкмөт башчынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулганы кабарланган. Адылбек Касымалиев биринчи орун басардын милдетин аткарып жаткан болчу.