«Жалал-Абад электр» ишканасынын жетекчиси алмашты

«Жалал-Абад электр» ишканасына жетекчи болуп Азамат Паизов дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдирди.

Буга чейин ал компаниянын коопсуздук жана ишенимдүүлүк бөлүмүн жетектеп келген. 52 жаштагы Паизов кесиби боюнча инженер-электрик.

 

Ал эми мурдагы жетекчи Дурусбек Рахманов башка кызматка которулду. Эми ал «Жалал-Абад райондук электр тармактары» ишканасын жетектейт.

«Жалал-Абад электр» ишканасы облус боюнча 242 миңден ашуун кишини жарык менен камсыздайт. Жамаатта 1,5 миңге чукул кызматкер бар.