Президенттин иш башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Тилек Батырканов Кыргызстандын президентинин иш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Буга чейин Батырканов президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп иштеп келген.

 

Ал эми аталган кызматтын жетекчиси Кудайбергенов Улуттук стаститика комитетине башчы болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин жарлыгы менен президенттин иш башкармалыгы Жогорку Кеңешти да тейлемей болгон.