Мыйзам бузган кооператив жетекчилерин жазага тартуу күчөтүлөт

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков менен турак жай кооперативдеринин өкүлдөрү жолугушуп, «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча талкуу өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 27-апрелде маалымдады.

 

Мекеме тараткан видеодо Орозбек Сыдыков 10-майга чейин «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштар кабыл алынарын кабарлады. Анын айтымында, учурда турак жай кооперативдеринин жоболору ачык-айкын так жазылып, мыйзам бузулган учурда жетекчилерин жазага тартуу сунушталды.

“Кооперативдин кызмат адамдары, жетекчилери кооператив жоболорун бузган учурда мыйзам чегинде жазага тартуу күчөтүлөт”, — деди Сыдыков.

Соңку мезгилде өлкөдө турак жай кооперативдеринен алданып калганын айтып арызданган жарандар арбыды. Ички иштер министрлиги жыл башынан бери кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко жөнөтүлгөнүн билдирди. Алдын ала маалыматта 139 жаран жабыр тарткан, чыгымдын жалпы суммасы 66 млн. 641 миң сомду түздү.

 

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт.

Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны 70тин тегерегинде экени айтылып келет. Буга чейин Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен.

Өлкөдө кооператив аркылуу үй алгандар да бар.