Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет. Бир жолку материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Ага ылайык, согуштун катышуучуларына, согуш майыптарына, тыл эмгекчилерине жана Ленинград блокадачыларына каржылык жардам берилет. 100 миң сомдон тышкары, 9-майда дагы ар бир ардагерге 20 миң сомдон тапшырылат. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 107 ардагери жашайт.