Чүй облусунда Бурулдай суу сакагычы жана Чүй-2 каналы курулат

Чүй облусунда Бурулдай суу сакагычы жана Чүй-2 каналы курулат. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, бийлик ошондой эле Чыгыш Чоң Чүй каналын кеңейтүү ниетинде.

 

Келечекте бул долбоорлорду ишке ашыруу менен дыйкандарды сугат суусу менен үзгүлтүксүз камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эске салсак, быйыл Чоң Чүй каналында сугат суусунун жетишсиздиги катталды. Дыйкандардын айтымында, учурда абал өтө оор.