Нарын, Чүй жана Ош облусундагы муктаж жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү.
Элчиликтен билдиришкендей, Швейцария аталган аймактардын 5 миңге жакын муктаж
үй-бүлөсүнө 6 миллион сом бөлүп берди. Биринчи кезекте калктын аярлуу катмарына
азык-түлүк топтомунан турган баштыктар таратылды. Ар бир баштыкчанын баасы
1 миң 200 сомду түзөт. Анда күндө керектелчү азыктар камтылды.