Ушул жумада убактылуу айдоочу күбөлүктөрүн алмаштырууга берилген мөөнөт соңуна чыгат. Мамлекеттик каттоо кызматынан эске салышкандай, убактылуу кагаздарды туруктуу айдоочу күбөлүктөрүнө 15-февралга чейин алмаштыруу керек.
Жетишпей калгандар күбөлүгү жок катары айып төлөөгө аргасыз болот. “Унаа” мамлекеттик ишканасы кадимки режимде иштеп, документ алмаштырууга арыздарды кабыл алууда.