Ысык-Көл облусуна кирүү шарттар өзгөрдү

Ысык-Көл облусуна кирүү шарттар өзгөрдү.

Облустун кире беришинде жайгашкан Ак-Кеме жана Кызыл-Омпол санитардык-карантиндик посттор алынды.

Өкмөтүнүн облустагы өкүлү Балбак Түлөбаевдин айтымында, санитардык-карантиндик түйүндөрүндө

иштеп жаткан медицина кызматкерлери жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер өз ордунда

иш алып баруусу керек. Көзөмөл түйүндөрүн иштетүүгө муктаждык болсо, кайрадан уюштурулат, — деди өкүл.