Түркияда эмгектенген 18 кыргыз дарыгер өлкөгө учуп келет

Эртең Түркияда эмгектенген 18 кыргыз дарыгер өлкөгө учуп келет.

Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында,

медицина кызматкерлери Кыргызстандагы кесиптештерине коронавирус менен

күрөшүүгө жардамдашуу үчүн келишет. Учурда өлкөдө Москва, Екатеринбург жана

Новосибирск шаарларынан келген кызматкерлер иштеп жатат.

Дарыгерлердин дагы бир бөлүгү өлкөгө келиши күтүлүүдө.