Ош шаарында көчөт отургузуу иштери башталды

Ош шаарында көчөт отургузуу иштери башталды.

Иштер алгач Юго-Восток кичи районунун Бахапов көчөсүндө аткарылды.

Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, быйыл шаарга 650 түп ийне жалбырактуу,

450 түп жазы жалбырактуу жана 72 миң түп бадал көчөттөрүн отургузуу пландалууда.

Иштерди “Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба” ишканасынын кызматкерлери жүргүзөт.